Atalar mirası → Biography

Алматыда I Түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына карата симпозиум өтүп жатат

Алматы шаарында алгачкы Баку түркологдор курултайынын 100 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум өтүп жатат. 1926-жылы Азербайжандын борборунда биринчи жолу катышуучулар жалпы маданий мурастын, тилдин жана жазуунун маселелерин талкуулашкан. Анда түрк элдеринин тилдерин араб жазуусунан латын тамгасына өткөрүү эң маанилүү жана тагдыр чечүүчү кадамдардын бири болгон. Эки күндүн ичинде Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркиядан келген алдыңкы окумуштуулар жана серепчилер, ошондой эле АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн келген түркологдор Биринчи курултайдын тарыхый маанисин жана XXI кылымда түркологдордун өнүгүшүн талкуулашууда.

Silkway.tv